Кыргызстанда 7 ай ичинде 4 миңден ашуун жеке турак үй пайдаланууга берилди

Автор -

Ушул жылдын январь-июлунда жалпы аянты 551,3 миң чарчы метр болгон 4,8 миң жеке турак үй пайдаланууга берилди, бул 2018-жылдын январь-июлуна караганда 15,1 пайызга көп.

Ишке киргизилген жеке турак жайлардын негизги үлүшү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келди.

Январь-июлда аймактар боюнча жеке турак үйлөрдүн ишке киргизилиши

  Жалпы аянттын миң ч. м Жыйынтыкка карата, пайыз менен
  2018 2019 2018 2019
Кыргыз Республикасы 479,1 551,3 100 100
Баткен облусу 34,4 36,6 7,2 6,7
Жалал-Абад облусу 87,0 112,6 18,2 20,4
Ысык-Көл облусу 43,3 48,3 9,0 8,8
Нарын облусу 23,1 23,9 4,8 4,3
Ош облусу 98,2 112,4 20,5 20,4
Талас облусу 27,3 29,2 5,7 5,3
Чүй облусу 77,0 82,9 16,1 15,0
 Бишкек ш. 70,0 82,3 14,6 14,9
Ош ш. 18,8 23,1 3,9 4,2

 

2018-жылдын январь-июлуна салыштырганда бардык региондордо ишке киргизилген  жеке турак жайлар көбөйдү, алардын ичинде көбүрөөк ишке киргизилген жеке турак жайлар Жалал-Абад облусунда – 29,5 пайызга, Ош шаарында – 22,9 пайызга, Бишкек шаарында – 17,5 пайызга, ошондой эле Ош облусунда – 14,5 пайызга өстү.

Январь-июлда аймактар боюнча жеке турак үйлөрдү ишке киргизүүнүн темпи

 (Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)