Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаратылыш газы 16-августта жок болот.