Аба ырайы: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Автор -

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 16-17-август куңдөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, 17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

17-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда абдан катуу жаашы мүмкүн.

18-19-августтарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-21-август күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-августта кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 22-23-август күндөрү тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, өрөөндөрдө жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү