Аба ырайы: Эртеӊ мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Автор -

17-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда абдан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө  түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Талас облусунда  түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 14…19;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 25…27° болот.