Кабулда үйлөнүү тойдогу жардыруудан 60тан ашык адам мерт болду

Автор -

Ишемби кечинде Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарында үйлөнүү той маалындагы жардыруудан 60тан ашык адам мерт болуп, 183ү жаракат алды.

Маалыматка караганда, Кабулдун шиит азчылыгын көп жашаган аймактагы үлпөт тойго жалпысынан 1200 адам катышып жаткан.

Жардыруу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобунун Ооганстандагы бөлүмү жоопкерчилик алды.

Бул кол салууну «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү айыптап, учурда алар өлкөдөгү абалды жөнгө салуу боюнча АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына даярданып жатышканын билдиришти.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, быйылкы жылдын алгачкы алты айында Ооганстандагы жардыруулар жана кол салуулардан жалпысынан 3 800гө жакын адам мерт болуп же жаракат алган.

Бөлүшүү