Ташкент базарында сакал койгондорго каршы рейд өттү

Автор -
310

23-августта Ташкенттеги «Малика» базарында сакал койгондорго каршы рейд жүрүп, ондогон адам кармалды. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин сакалдары алынып, андан соң үйлөрүнө кое берилген.

«Рейд түштөн кийин башталды. Милиция кызматкерлери сакалчан адамдардын бардыгын кармай башташты. Алардын арасында мен да бар болчумун. Анда бизге сакалын албагандар түрмөгө камала тургандыгын айтып коркутушту. Буга макул болбогон айрым адамдар милиция бөлүмүндө калтырылды»
деди аталган базарда соода кылган ишкерлердин бири.

Ал ортодо рейд маалында кармалган адамдар Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине кайрылып, жарандардын сакалын мажбурлап алдыртуу тууралуу буйрук боюнча расмий түшүндүрмө талап кылышууда.

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынан укук коргоо органдарынын мындай аракеттери мыйзамсыз экенин белгилешти.

«Сакал коюу ар бир мусулман баласы үчүн сүннөт болуп эсептелет. Жарандарды сакал койгондугу үчүн эле кысымга алуу мыйзамсыз»
деп билдирди мекеменин өкүлү.

Акыркы кездери Өзбекстанда бир аз сакалы өскөн студенттер сабактарга киргизилбей, көчөдөгү сакалчан адамдар кармалып, милиция бөлүмүнө суракка жеткирилип жатканы кабарланууда.

Бөлүшүү