«Ала-Тоо» аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктарга байланыштуу айрым борбордук көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-августта саат 08:00дөн 12:00гө чейин жана 19:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:
— Чүй проспекти – Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
— Киев көчөсү – Эркиндик бульварынан Логвиненкого чейинки бөлүгү;
— Фрунзе көчөсү – Панфилов көчөсүнөн Раззаковго чейинки бөлүгү. Абдымомунов көчөсүнүн ошол эле бөлүгү жабык болот.