Эртеӊ борбордук көчөлөр убактылуу жабылат (тизме)

Автор -

«Ала-Тоо» аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктарга байланыштуу айрым борбордук көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  31-августта саат 08:00дөн 12:00гө чейин жана 19:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

— Чүй проспекти – Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;

— Киев көчөсү – Эркиндик бульварынан Логвиненкого чейинки бөлүгү;

— Фрунзе көчөсү – Панфилов көчөсүнөн Раззаковго чейинки бөлүгү. Абдымомунов көчөсүнүн ошол эле бөлүгү жабык болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү