Аба ырайы: Эртеӊ жаан жайт

Автор -
322

4-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25;

Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26 градуска чейин ысыйт.

4-сентябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° болот.

Бөлүшүү