Өзбекстанда 57 жаштагы адам 15 жашар кызды зордуктаган деп шектелүүдө

Автор -
461

Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Ширин шаарынын 57 жаштагы тургуну коңшусунун 15 жашар кызын зордуктаган деп шектелүүдө.

Шаардык милиция бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

[ads-quote-center cite=’деди мекеменин өкүлү.’]«Кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган жаран кармалды. Ал буга чейин соттолгон эмес. Азырынча анын бөгөт чарасы карала элек. Окуя болгондон кийин кыз беш күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болду»[/ads-quote-center]

Күбөлөрдүн айтымында, шектүү кыздын жалгыз экенин билип, коңшусунун үйүнө дубалдан секирип өткөн.

[ads-quote-center cite=’деди күбөлөрдүн бири.’]«Кызды зордуктап жатканда анын апасы келип калган. Шектүү аны сабап, колу-бутун байлап башка бөлмөгө камап койгон. Ошол маалда кыйкырыктарды уккан коңшулар келип, милиция чакырышты»[/ads-quote-center]

Адвокат Шерали Набиев жабырлануучу менен анын апасынын көрсөтмөлөрүнө карабастан, укук коргоо органдары бул кылмышты «бейбаштык» беренеси менен кароого аракет кылып жатышканын билдирди.

[ads-quote-center cite=’ деди адвокат.’]«Ал дубалдан секирип өтүп, кызды сабап, андан кийин зордуктаган. Бул жөнүндө кыз көрсөтмөсүндө жазган. Апасы үйгө кирип жылаңач турган коңшусун жана жерде эс-учун жоготуп жаткан кызын көргөнүн билдирди. Бирок шектүү ажы экендиги менен пайдаланып, жазадан кутулуу максатында дарыгерлер менен милицияга басым жасап жатат. Мындан улам кыздын туугандары Башкы прокуратурага кайрылды. Биз жергиликтүү аткаминерлер ишти жабууга аракет кылып жатат деп эсептейбиз»[/ads-quote-center]

Өлкөнүн Акыйкатчы институтунун аймактагы өкүлү Гули Умаралиева бул окуя алардын көзөмөлүндө экенин жана шектүүнүн күнөөсү далилденсе жоопко тартыла турганын билдирди.