Гүлмира Кудайбердиеванын ордуна эки негизги талапкер бар

Автор -
804

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын ордуна азыркы учурда эки негизги талапкер бар. Бул тууралуу “Govori.TV” агенттиги өздүк булактарына шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка ылайык, министрлик кызматка Ош МУнун азыркы ректору Каныбек Исаковдун жана жаш профессор Алмаз Бейшеналиевдин талапкерлиги каралып жаткан.

Исаков Каныбек Абдуваситович, Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор.

Ал 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Жаңы-Ноокат айылында туулган.

4. Билими: Жогорку
5. Илимий даражасы жана наамы: Филология илимдеринин доктору, профессор
6. Билген тилдери: Кыргыз, орус тилдери
8. Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, үч кыз, бир уулдун атасы

К. Исаков өмүр бою билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Ал тарбиялаган жаштар билим берүү, маданият, спорт чөйрөсүндө жана өндүрүштүн башка тармактарында абийирдүүлүк менен эмгектенип, Кыргызстандын билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошууда.

Исаков – коомдук ишмер, Ош шаардык Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты. Ош шаарында жана Ош областында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бараандуу салым кошкон демилгечил, патриот инсан.

2006-2011-ж.ж. Ош гуманитардык институтунда ректор болуп иштеген жылдары жамаатта жылуу маанайды жаратып, институт педагогика тармактагы сапаттуу кадрларды даярдоочу бирден-бир окуу жайга айланган. Ал эми ОшМУнун ректору кызматында иштегенден бери чоң эмгектерди жаратты. Мисалга окутуу процессине заманбап технологияларды кийирип, республикада эң алгачкылардан болуп окуу процессин башкарууда автоматташтырууну уюштурду жана жаңы окуу корпустарын, медициналык клиника, бала бакча, лицейлер курулуп иштей баштады. Россия, Түркия, Корея, Кытай, Индия, Америка жана башка чет өлкөлөр, ошондой эле ондогон эл аралык уюмдар менен болгон билим берүү жаатындагы байланыштар күчөтүлдү. Жыйынтыктап айтканда Каныбек Исаковдун жетекчилиги астында ОшМУ Орто Азиядагы эң алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктады.

Эмгек жолу:
• 1986-ж. «Бел-Өрүк» колхозунда кызматкер болуп иштей баштаган.
• 1987-ж. Ош мамлекеттик университетинин “Кыргыз тили жана адабияты” адистигине тапшырган.
• 1988-1990-ж.ж. Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
• 1990-1993-ж.ж. Ош мамлекеттик университетинде окуусун улантып артыкчылык диплому менен аяктаган.
• 1993-ж. Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин тил таануу кафедрасында окутуучу, улук окутуучу (1999-ж.), доцент (2002-ж.) кызматтарында иштеген.
• 1995-ж. “Нур” гезитинин башкы редактору болуп дайындалган.
• 1997-ж. Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары болуп иштеген.
• 1998-ж. Ош МУнун тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы кызматына дайындалган.
• 2000-ж. Ош МУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында иштей баштаган.
• 2005-ж. Ош МУнун мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган.
• 2001-ж. кандидаттык диссертатциясын коргогон.
• 2011-ж. докторлук диссертатциясын ийгиликтүү коргогон.
• 2006-2011-жж. Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору болуп эмгектенген.
• 2011-ж. Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалган.

Сыйлыктары:
1. “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, Бишкек ш. 2005–ж.
2. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси, Бишкек ш. 2006-ж.
3. Ч. Айтматов коомдук академиясынын академиги, Бишкек ш. 2007-ж.
5. Сока-Гаккай университетинин «Ардактуу профессору», (Япония) 2010-жыл
6. Кастамону университетинин «Ардактуу профессору», (Турция) 2012-ж.
4. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, Бишкек ш. 2014-ж.
Мындан сырткары 2012-2013-жылдары Кыргыз Туусу, Эркин-Тоо гезиттери уюштурган сурамжылоолордо “Жылдын мыкты ректору”, “Жыл адамы” номинацияларына татыктуу деп табылган.

Алмазбек Бейшеналиев 1981-жылы 2-июнда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн.
Билими:

09.1998 – 07.2001 — Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинен англис тили жана адабияты боюнча билим алган;

09.2001 – 04.2003 — Германия, Штутгарт, Ökumenisches Центрум, немец тили боюнча курста окуган;

04.2004 – 04.2007 — Германия, Людвигсбург, PH-Ludwigsburg педагогикалык университетинде магистрлик даража ыйгарылган (Дидактика жана англис тили);

09.2009 – 09.2011 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантураны аяктаган. Педагогика илиминин кандидаты даражасы ыйгарылган;

11.2012 – 03.2017 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, докторантурада окуган.

Эмгек жолу:

11.2007 – 05.2010 — Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) президенти, башкармалыктын төрагасы.

09.2008 – 06.2010 — Эл аралык Ала-Тоо университети, эл аралык мамилелер факультетинде окутуучу;

03.2012 – 01.2013 — Варшавадагы (Польша) Вистула университетинде (Vistula University in Warsaw, Poland) проректор, чет тилдер институтунун директору;

02.2013 – 06.2013 — Түндүк Айова университети (University of Northern Iowa) (Сидер Фоллс, Айова, АКШ) илимий изилдөө боюнча чакыртылган профессор;

06.2013 – 06.2014 — Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University) (Балтимор, Мериленд, АКШ) докторантура жогорку кызматы;

06.2014 – 06.2017 — Эл аралык Ала-Тоо университетинде илим жана сырткы байланыш боюнча проректор;

11.2016 – 09.2017 — Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University), (SAIS) (Вашингтон, АКШ) илимий изилдөө жана окутуу боюнча чакыртылган профессор;

11.2017 – 10.2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

10.2018 — Борбордук Азия регионалдык институтунун директору;

Илимий наамдары:

Педагогика илимдеринин кандидаты, Жонс Хопкинс университетинин профессору.

Басылмалары:

Илимий журналдарда жана китептерде 41 жергиликтүү жана 23 эл аралык макаласы жарык көргөн. 4 илимий басылманын автору.

Изилдөөлөрү:

Борбордук Азиянын эгемендүүлүгүнөн кийин билим берүү чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр. Борбордук Азия жана Кыргызстандын тышкы саясатында Америка Кошмо Штатынын орду (тарых боюнча докторлук диссертация).

Лекциялар:

25 эл аралык жана 16 улуттук конференциялардын ишине катышкан.

Сыйлыктары:

2005 — Майне Франкфурт Эл аралык гезитинин сыйлыгы, ФРГ;

2014 — КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси;

2015 — КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы;

2017 — Европа Илимдер Консорциумунун ордени “Laborte de Scienta”.

Тил билүүсү:

Кыргыз, орус,турк, немис жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт

Эске салсак, 4-сентябрда Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы кол койгон.