11-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

11-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24

Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 19…21° болот.

Бөлүшүү