15 беш жашында үй-бүлө күткөн өспүрүмдөр (видео)

Автор -

Кыз аны ала качып кеткендиктен үйүнө кайра барууну уят деп эсептеп, турмушка чыгууга макул болгонун айтууда. Актауда өткөн үлпөт тойду социалдык тармакта катуу сынга алышууда. Жаш жубайлар колледжде окушат.

View this post on Instagram

❤️

A post shared by RakhmandullaAsem❤️ (@mukhamedinova_10) on

“Экөөбүз тең 15 жаштабыз. Күйөөмдүн ата-энеси менен Актауда жашап жатабыз. Биз 3-4 айдай жолугуп сүйлөшүп, үйлөнүүнү чечтик. Албетте, башында ата-энелерибиз каршы болду. Мени ала качып кетишкен. Күйөөгө тийген кыздын төркүнүнө кайтып баруусунан өткөн уят нерсе жок экенин билип, бул жактын бүлөсү болууну чечтим. Анан, албетте, биз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз”
деп жаңы келин социалдык тармакка пикирин жазган.

View this post on Instagram

Жалгасы….❤️

A post shared by RakhmandullaAsem❤️ (@mukhamedinova_10) on

Ал тойдон тартылган сүрөт, видеолорун Instagram баракчасынан бөлүшүүдө. Жарыяланган сүрөттөргө караганда өспүрүмдөр 2019-жылы июлда баш кошушкан. Айрымдар жубайлар никесин расмий каттатпаганын, болгону молдого нике кыйдырганын жазышууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү