Темир Жумакадыровдун жубайы: Кийимдерин бирөөгө ыраа көрбөй өзүм кийип алам -интервью

Автор -
3008

Эгер шум ажал арабыздан алып кетпесе, быйыл вице-премьер-министр Темир Жумакадыров кырк жашка чыкмак. Өлкөдөгү көйгөйлөрдүн тамырын көрө билген көрөгөч жетекчиге келечекте үмүт арткандар арбын эле. Тагдырдын ченеп берген буйругунан эч ким качып кутула албастыр. Темир Жумакадыровдун каза болгонуна эки жылга жакындап баратса да, ал бүгүнкү күндөй элдин эсинде. Анын жубайы Нора айым жолдошунун эл билбеген сапаттарын ачып эскерип отурду.

-Нора айым, жолдошуңуздун атынан фонд түзүптүрсүз. Фонддун максаты кандай?

-Темирдин атындагы “Пролекс” фондун ал каза болгондон 3-4 айдан кийин эле ачкым келди. Себеби мындай адам бүгүн бар да, эртең жок болуп унутулуп калуусу мүмкүн эмес эле. Анын эли үчүн кылам деген жакшы максаттары көп болчу. Жолдошумдун ошол жаркын максаттарын уланткым келди. Фонд ачам десем туугандар, жолдоштору дароо колдошту. Уюмду ачууда документ иштери менен көп жерге бардым да. Темирдин атын уккандар жылуу кабыл алышып, колдой тургандарын айтып жатышты. Бул мен үчүн аябай жагымдуу болду. Фонддун максаты – коопсуздук маселесинде коомго жардам берүү. Жол коопсуздугуна салым кошуу. Балдарга жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөм, коомчулук менен иштешем.

-Өзүңүздүн негизги жумушуңуз кайсы тармакта?

-Темир экөөбүз тең Улуттук университеттин Эл аралык мамилелер факультетин бүткөнбүз. Окууну бүткөндө эле жолум болуп, эл аралык уюмдарда иштеп калдым. Азыр да ушундай фонддор менен иштешем. Үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу, балдардын укугун коргоо деген программалар менен иштейм.

-Жакында эле жолдошуңуздун туулган күнү өттү. Көзү тирүүсүндө өздүк майрамын кандай белгилечү элеңер?

-Достор менен же туугандар менен бул күндү дайыма белгилечүбүз. Темир отурушта шаңдуу болчу, анекдоттун түрүн билчү. Кайсы жерде катуу каткырык чыгып атса ошол жерде Темир бар деп билчүбүз. Дайыма бири-бирибиздин өздүк майрамыбызда түнкү он экиде белек берип куттуктамай салтыбыз бар болчу. Менин туулган күнүмдө он экиге жакындап калганда: “Сыртка чыгып чылым чегип келейин”,- деп калчу. Мен болсо унаасынан гүл, белек алып келерин билип кудуңдап күтүп отурчумун. Дайыма кочкул кызыл розаларды белек кылар эле. Ал мага так сандагы розаларды белек кылса, мен эми анын бейитине жуп сандагы розаларды ар бир ай сайын алып барам. Кыздар жайлата Чолпон-Атада кайнатамдын үйүндө болушту. 4-августту да ошол жактан куран окутуп өткөрдүк.

-Баласынан айрылуу ата-энеге да кыйын болгондур?

-Алар азыр деле өзүнө келе элек. Кыркка чыга элек баласын жерге берүү атамдар үчүн өтө оор болду. Темир коомдо эле эмес, үй-бүлөсүндө да лидер болчу. Атам Темирге кысым көрсөтпөй, урушпай чоңойтуптур. Атасынан бир нерсе сурап калса: “Билбейм, балам, бирок билип келип туруп айтып берем”,- дечү экен. Атасына аябай жакын эле. Жолдошум каза болордон бир жыл мурда атама оор операция жасашкан. Операция учурунда жүрөгүн аппаратка салып убактылуу токтотушкан эле. Ошондо ооруканадан: “Атамдын жүрөгү ушул бойдон токтоп калса кантем?”- деп ыйлаган эле. Атам 67 жашка, апам 65 жашка чыкты. Атам өмүр бою Чолпон-Атадагы президенттик резиденцияда экономист болуп иштеген, апам эсепчи. Азыр көлдө кичүү баласынын колунда турушат. Темирдин иниси, эки карындашы бар. Кайын журтум менен мамилем жылуу. Азыр үч кызымды эш тутуп жашап калышты. Барганда “үч Темир келди” деп кубанып калышат.

-Кыздарыңыздын кимиси атасына окшош?

-Темир идеалдуу ата болчу. Жумушу канчалык оор болбосун, убактысы тар болсо да ар бир дем алышты кыздарга арначу. Күндө кеч келсе да 15 мүнөт экөөбүз күнү бою эмне жаңылык болгонун сүйлөшчүбүз. Улуу кызым ал кезде 12 жашта болчу. Темир ага чоң кишидей мамиле кылып, билим алуусуна, дүйнө таанымын өстүрүүгө аракет кыла баштаган. “Бул жумада европадагы өлкөлөрдү, алардын борборун жаттап окуп айтып бересиң”,- деп тапшырма берип кетет. Бир жума өткөндөн кийин баягы тапшырманы сурап, экөө кенен сүйлөшүп отурчу. Азыр 14 жашка чыкты, тамашакөйлүгү, тапкычтыгы атасыныкына окшош. Кызым ушунчалык акылдуу болуп өскөнүн атасы каза тапканда билдим. Акыркы сапарга узатып жатканда: “Апа, биз күчтүү болушубуз керек, атам бизди карап турат”,- деген. Жаш бала ушинтип кайрат берип жатса, аргасыз чыйралат экенсиң. Ортончу кызым 8 жашта, көздөрү Темирге окшош. Мүнөзү экөөбүздүкү. Кичинекей кызым алты жашка чыкты.

-Атасы жок экенине моюн сунуп чыйралыштыбы?

-Мен аларга “атаңар жок, каза болду” деп айта алган жокмун. “Атаңар биз менен эле, дайым жаныбызда, бирок ал эми периштеге айланып асманда жашайт. Бизди ошол жактан карап турат”,- дегем. Ошол жылы ортончу кызым 1-класска барган. Сентябрда окууга барса, октябрда Темир каза болуп жатпайбы. Ошол күнү кызым мектепте кечке эле атасы жөнүндө айта бериптир. А мугалим болсо жаңылыктардан анын каза болгонун уккан да. “Кызыңыздын көзүн карай албай аябай кыйналдым”,- деп айтты кийин. Кичүү кызым ал убакта 4 жашта болчу. Түнкүсүн эки-үч жолу ойготуп: “Апа, атам периште болуп кетерде эмнеге биз менен коштошпой, бетимден өппөй кетти?”- деп сурап жүрдү. Атасы чыккынчылык кылып кеткендей сезимде калды окшойт. Азыр деле телефон номерине билдирүү жаза беришет. Менден уруксат сурашканда: “Жазгыла, атаңар силердин билдирүүңөрдү окуйт”,- дегем. Өткөндө туулган күнү менен куттуктап, “Ата, сизди жакшы көрөбүз”,- деп жазып атышты. Мындай сөздөрдү тирүү кезинде күндө жазышчубуз.

-Сизчи? Оор күндөрдү башыңыздан кантип кечирдиңиз?

-Биздин жубайлык байланышыбыз абдан бекем болчу. Экөөбүз 16 жашыбызда жогорку окуу жайга тапшырганда таанышканбыз. Группалаш болдук, анан кыз-жигитке айландык, турмуш курдук. 14 жыл бактылуу жашадык. Экөөбүздүн чоң максат, кыял-тилектерибиз бар эле. Ошолордун баары бир заматта кыйраганына алиге чейин ишенбейм. Адатта күйөөсү өлгөндө аялдар «мен ансыз кантип жашайм?» деп ыйлашат экен, мен болсо суук кабарды укканда “ал мени таштамак эмес” деп кыйкырып жаттым. Андан аркысы суук түш сыяктуу болду. Жерге бергенден кийин нерв оорусуна кабылып, бир айга жакын ооруканада жаттым. Кыздарым үчүн жашоону улантканга туура келди. Кудайдын маңдайыма жазганын кабыл алдым. Башында кайгы, аны кантип жеңиш керек деген китептерди көп окудум. Көрсө, кайгыны басып өтүүнүн да өзүнүн стадиялары болот экен. Биринчи күтүү, анан кусалык, анан стресс болуп бөлүнөт. Ошол баскычтарды орду менен басып өтө албаганда кайгы ичке түшүп кетип, онкологиялык ооруну пайда кылары да далилденген. Менин башымдан оор күндөр өтүп кетти деп айта албайм. Азыр деле эскерүүлөр менен жашайм, ыйлайм… Жүрөгүмдө калган бул тешик өмүрүм өткүчө бүтөлбөсө керек. Кээде экөөбүздүн түшкөн сүрөттөрдү барактап отуруп көзүнө тике карай албайм. Кокус карай калсам денемди калтырак басып, муунум бошоп башкача боло баштайм. Түшүмө көп кирет. Тирүү кезинде “баары жакшы болот” деген сөздү көп айтчу. Каза болгондон кийин ооруканада жөөлүп жатсам түшүмө кирди. Костюм-шым кийип туруптур, мага карап “баары жакшы болот” деп адатынча ишенимдүү айтты. Ошондо бир аз эс ала түштүм окшойт.

-Колуңуздагы саат жолдошуңуздукубу?

-(Жылмайып) Ооба, бул саатты күндө канча жолу карасам, ошончо жолу Темирди эстейм. Азыр анын буюмдары, кийимдери үйдө тирүү кезиндегидей сакталуу. Бирөө-жарымга таратып бериш керек дешет, бирок мен ыраа көргөн жокмун. Мисалы, бир күрмөсүн берип салайын десем, аны атайын кастарлап чет өлкөдөн белекке алып келгем. Күрмөнү жолдошум кийгенде кубанып кат-кат ырахматын айткан. Ушул сыяктуу ар бир кийимине байланышкан жылуу эскерүүлөр бар. Аларды жоготуп алгым келбейт. Мамлекеттик кызматта иштегендиктен, дайыма ак көйнөк кийчү да. Азыр ал көйнөктөрдүн жеңин кыскартып кызым экөөбүз кийип жүрөбүз.

-Жолдошуңуздун карьералык тепкичтен көтөрүлүшүнө сиздин да салымыңыз чоң болсо керек?

-Бизде Темирдин жумушу, менин жумушум деп бөлүнчү эмес. Көз карашыбыз, пикирибиз бир болчу. Бир жолу ага кызматтык унаа беришти. Өзүнүн унаасын эс алуу күндөрү эле бир жакка айдап чыкпасак, дайыма үйдүн алдында токтоп турчу. Бир жолу: “Темир, унааң жөн эле токтоп турат. Балдарды ташыганда айдап турайынчы, күбөлүгүм бар го”,- десем: “Ал унаа менен бир балээге кабылсаң сени куткаруу үчүн өзүмдүн кадырымды, атымды колдонууга аргасыз болом. Бул менин принциптериме каршы келет”,- деген. Ушул сыяктуу тууган-урук, тааныш дегендерге кызматтык абалынан пайдаланып колдоо көрсөтчү эмес. Байлыкка да умтулган жок. Экөөбүз баш кошкон жылы менин апамдыкында жашадык. Балалуу болгондон кийин кысылбайлы деп батирге чыктык. Азыр канча батир алмаштырганыбыздын санын так билбейм, бирок 10 жылдан ашуун батирледик. Каза болордун алдында гана мамлекеттик ипотекадан жаңы үй алганбыз. Кээде каза болорун сезип, бизди талаага таштабай үйлүү кылып кетейин деп шашканбы деп ойлойм. Азыр кайда барбайын мага жолдошумдун жөнөкөйлүгүн, элге жакын болгонун көп айтышат. Дем алыш күндөрү азык-түлүк алганы базарга жөнөчү. Акыркы жолу үйгө “Дордой” базарынан килем тандап сатып келген элек…

-Достору кабар алып, каралашып турабы?

-Айбек, Темир, Илим үчөө дос болчу. Дайыма каралашып, кабар алып турушат. Үй-бүлөлүк катыштабыз, балдарыбыз да достошуп алышкан. Бир ирет Айбек жолдошумдун илинип турган сүрөтүн карап көзү жашылданып терс бурулду. Үйүбүздүн жанынан айланып өтүп кеткенге шашам дейт. Себеби Темир тирүү кезинде алар менен бат-баттан жолукканга дайыма эле убактысы боло берчү эмес. Ошондо кеч болгонуна карабай Илим экөө эшиктин алдында күтүп отуруп жолугушчу да. Чери жазылмайын түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отура беришчү. Ошол күндөр эсине түшүп кыйналат окшойт.

-Кырсыкка себепкер болгон айдоочу кандай жаза алды?

-Ошол учурда ата-энеси алдыбыздан өтүп сүйлөшөбүз деп эки жолу келген. Бирок биз кабыл ала алган жокпуз. Элдер ал кадамыбызды туура эле түшүнөт болуш керек. Кийин сот аны 11 жылга жатак абакка кести. Мындайча айтканда, ал азыр эркиндикте эле жүрөт.

Булак; «Леди.kg» журналы.

Бөлүшүү