Ширин Айтматова Атамбаев тууралуу кандай ойдо экенин айтып берди- интервью

Автор -
284

Экс-депутат Ширин Айтматова «Элгезит» сайтына Атамбаев тууралуу кандай ойдо экенин айтып берди. Ал бийликтен түшкөндөн кийин мурдагы президенттин өзгөргөнүнө таң калганын билдирген. Дача-СУ, же дагы башка өлкө кабылган оор күндөрдө, же маанилүү даталарда президент катары көрүнбөгөнүн, а бирок кийин эле элге чыгып, чогуу сүрөткө түшүп такыр башка Атамбаев пайда болгонун белгилеген.

“Эгер ал кааласа, өзүн колдоочуларынын жанында жакшы алып жүрөөрүнө күбө болдук. Кой-Ташта вальс да бийлешти, кой да союшту. Баары жакшынакай болгон. Бул деген биз көрүп жүргөндөн такыр бөлөк Атамбаев болгон да. Бирок боорум ооруду жана корктум. Боорум ооруганы ушул жагдайда орунсуз нерселер көп болду. Жалпысынан, анын камалышы – бул Пирровдун жеңиши. Бул өлкөнүн биримдигине жарака түздү. Кокустан регионалдык бөлүнүү-жарылуу пайда болуп, баары тең өкмөттө канча аткаминер түштүктөн, канчасы түндүктөн деп санай башташты. Эл муну жутуп койду, бирок оор эле тийди. Ушунчалык визуалдуу башаламан болбой турган кандайдыр бир ыкмалар дайыма бар. Бишкек эки күн коркунучтуу кырдаалда болгон. Өлкө үчүн бул уулуу.

Менин бизнесимди тартып алайын дешкенде Атамбаевге кайрылган эмесмин. Ага мен бир эле жолу жолуккам, ошондо катуу урушуп кеткенбиз. Бул 2012-жылы болгон. Ошондон бери аны менен жүз көрүшө элекмин. Биз балдар үйү боюнча урушуп кеткенбиз, анткени үстүмөн Иса Өмүркуловго даттанып кайрылышкан. Мен Атамбаевге барып, Өмүркулов балдар үйүн тартып алып жаткандыгын айткам. Ал болсо Өмүркулов эң сонун мэр, сонун адам жана мыкты тарапкер деп айткан. Менимче, Иса Өмүркулов аны сатып кеткенден кийин Атамбаев ал үчүн мени менен урушканын эстесе керек деп ойлойм”

деп айткан Ширин Айтматова.

Улуу жазуучунун кызы келечекте президенттикке ат салышуу боюнча пикирин мындай билдирген: “Жашым 42ге келип, эки баланын энеси болуп калсам да бул тууралуу ойлонуу мага эрте деп ойлойм, анткени дагы деле жандүйнөмдө тентек кызмын. Ошондуктан эч нерсе дей албайм. Кыязы, президенттик тууралуу ойлор жаралышы үчүн кандайдыр бир ичим менталдык процесстер жүрүшү керек. Балким боло алам… Бирок кандай болбосун өлкөм үчүн таза жана мыкты президент каалайм. Учурдагы президентти туугандары менен айланасындагы адамдар жаман кылып коюшпаса экен дейм”.

Бөлүшүү