14-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

14-сентябрда Кыргызстандын аймагында жамгыр жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Талас дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү