Алтын Ордонун курулганына 750 жыл толду (фото)

Автор -

Быйыл улуу улус – кубаттуу Алтын Ордонун курулганына 750 жыл толду. Буга байланыштуу Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Алтын Ордонун 750 жылдыгын баркына жараша жакшылып белгилөөнү жана мамлекеттин негиздөөчүсү Жучу хан ысымын улуктоо тууралуу сөздөрүн чын ыкласыбыз менен кабыл алдык.

Жучу хан (1180 – 1227-жж.) түптөгөн, Алтайдан Альпы тоолоруна, Иртыштан Дунайга чейинки аймакта бийлик жүргүзгөн, Дешти-Кыпчак талаасында чамгарак көтөргөн алп мамлекет алгач Улуу улус деп аталды. Кийин бул аталыш орус, славян, батыш булактарында хан ордосунун алтын менен көмкөрүлгөн ордолук ак өргөөсүнө карап, Алтын ордо деп аталып кетти.

Тамырлуу тарыхыбыздын олуттуу мезгилин камтыган Улуу улус Казак хандыгынын (кыргыз, өзбек, татар, башкыр ж.б. түрк элдеринин мамлекеттеринин) башаты болуп саналат. Анын бай тарыхы казак талаасы, Улуу Талаа менен жана калкыбыздын негизин түзгөн уруулар менен тыгыз байланышта. Бирок, журтчулуктун көбү, асыресе, чет элдиктер Улустун атасы Жучу хандын мүрзөсү Улытауда жатканын биле бербейт. Бул эстеликтин Чыңгыз хан менен анын тукумунан жер бетинде калган жалгыз белги экенинен көбүбүз кабарсызбыз. Ага 2017-жылы Улытауга жасаган эл аралык экспедиция учурунда көзүбүз жетти. Улуу каган менен Жучунун урпактары тургай кечээги Казак хандыгынын негизин түзгөн атактуу кишилерден көзгө көрүнөрлүк, акыл-эске уютку болуп, жаңыртуучу эстелик-белги такыр калган жокпу? Андай болсо, Сарыарканын кең талаасынын төрүндө кылымдардан бери көөнөнүн көзүнө, алтын аңыздын сөзүнө айланган бул ыйык эстеликтин кастарлуу казак талаасынын Алтын Ордонун мураскору экенин айгинелеп турганы анык!

Жучу хандын табышмагы

Жучу – жолчу, жолоочу, конок деген маанини туюнурат. Анын жолдо бул дүйнөгө келгени, энесинин узак убакыт меркит уруусунун арасында туткун болгону, ошондуктан, тегинин де “күмөндүү” экендигине байланыштуу ар түрдүү аңгемелер көп айтылды. Көбүнчө, буга далил катары Чыңгыз хандын меркиттер менен болгон согушун далилге чыгарышат. Ал Жучу хандын бул тарыхын айтылуу Рашид ад-дин (1247 – 1318-жж.) «Жами ат-таварих» чыгармасында мындайча баяндайт: “Жучу хан Чыңгыз хандын уулдарынын ичинен эң улуусу эле. Чыңгыз хандын аялы Бөрте айым Жучу ханга жүктүү болот. Ошол убакта меркит уруусу ыңгайлуу учурду таап, Чыңгыз хандын үйүн тоноп, анын кош бойлуу аялын да туткунга алып кетти. Бул уруу ошого чейин керейит ханы Оң хан менен душман болуп, доолашып келген болсо да, ошол кезде алардын арасында бейпилчилик (тынчтык) орногон эле. Ошондуктан, алар Бөрте айымды Оң ханга жиберди. Ал Чыңгыз хандын атасы менен экөө дос болгондуктан ары Чыңгыз ханды уулум деп атагандыктан, Бөрте айымды сыйлачу, ары урмат кылчу” деп жазат, бул жагдайдан кабардар болгон Чыңгыз хандын Оң ханга Бөрте ханымды кайтарып берүү тууралуу өтүнүч менен жалайыр уруусунан чыккан Саба аттуу башчыны жибергени тууралуу баяндайт. Оң хан Бөртеге камкорлук жасап, аны Саба менен бирге кайтарган. Ары карай Рашид ад-дин минтип улайт: “Жолдо кокустан дүйнөгө уул төрөдү, ошол себептен аны Жучу (Жолчу) деп атады. Жол кооптуу болгондуктан бешик жасап жиберүү кыйын эле. Саба бираз жумшак камыр ийлеп, ага баланы ороп алды да, аны өзүнүн этегине салып алды. Ал аны абайлап алып жүрүп, Чыңгыз ханга жеткизди. Жучу өскөндө ар дайым атасы менен бирге жүрдү жана жыргалчылык кезде да, кыйынчылык кезде да дайым анын жанында болду”.

Демек, Бөрте туткунга түшкөнгө чейин боюна бүткөн, ал кош бойлуу келинчекти меркиттер Оң ханга берген. Чыңгыз ханды уулундай көргөн керей ханы аны эрине кайтарган. Бул маалымат Моңголдун купуя санжырасында жана Мырза Улукбектин “Улус-и арба-и Чингизи”, Абулгази Бахадур хандын “Түрк санжырасы”, Кадыргали би Жалайыринин “Жами ат-таварих” эмгектеринде кайталанат. Мырза Улукбек туткунга түшкөндө Бөртенин алты айлык жуктүү болгонун жазып: “Улуу Сахиб-и Кыран Чыңгыз хандын мээримдүүлүгү, махабаты менен жакшы ниеттүүлүгү ошончолук, Чагатай менен Угедей кызганычтан ушундай жалганды ойлоп тапты” деп, алардын Жучуга жалаа жапканын айтат. Ошентип, Жучунун тегине байланыштуу күмөндүн болбошу керек деп ойлойбуз.

Өзү аалым, өзү хан Улукбек “Чыңгыз хан Жучуну өзгө уулдары менен кыздарынан көбүрөөк жакшы көрдү” дейт. Бул туура сөз сыяктуу. Маселен, “Моңголдун купуя санжырасына” кайрылсак, Коён жылы (1207) оң канат аскери менен Ормон элине аттанган Жучу дипломатиялык жол менен ойрот менен кыргызды багындырып кайтканда Чыңгыз хан сүйүнүп: “Уулдарымдын агасы, сен үйдөн чыга салып, жолуң болуп, барган жериңде эрди жаралабай, жылкыны кыйнабай, ырыстуу Ормон эл-журтун түгөл багындырып келдиң. Ушул эл-журтту сага берейин” деп жарлык кылганы баяндалат. Ушул тарыхый окуяны Рашид ад-дин “Жами ат-таварих” чыгармасында: “Кыргыз менен Кем-Кемжут бири-бири менен чек аралаш эки вилает, алардын экөө биригип бир мамлектти түзөт.

Кем-Кемжут – чоң дарыя. Анын (вилаеттин) бир тарабы Мугулистан (Монголия) вилаети менен чектешет жана бир жагы тайжуыт тайпалары отурган Селенга дарыясы (туташып жатат). Дагы бир жагы Анкара муран деп аталган чоң дарыя менен уланып, Ибир, Сибир аймактарына чейин жетет. Жана бир жагы найман топтору жашаган жерлер менен, ары тоолор менен туташат… Он эки жылдан соң, барс жылы Баркыжын тукуму менен Баяуытта (Байлукте) турган туматтардын бир уруусу көтөрүлүш жасайт. (Чыңгыз хан) аларды баш ийдирүү үчүн, ал жер кыргыздарга жакын болгондуктан, кыргыздардан аскер талап этти. Алар (аскер) бербей, көтөрүлүш жасашты. Чыңгыз хан ал жакка аскери менен өз уулу Жучуну жиберди. Алардын (кыргыздардын) башчысы Карауул (Караул) (болчу). Нука аттуу (мугул) (монгол) амири алдыңкы катарга барып, кыргызды качууга мажбур этип, сегизинчи дарыядан кайтып келди. Жучу келип, жеткен кезде Кем-Кемжут дарыясы муз болуп тоңгон эле. Ал муздун үстү менен өтүп, кыргыздарды (өзүнө) багындырып, баш ийдирип кайра кайтты” деген маанилүү маалымат жазылган. (караңыз: Рашид ад-дин Фазлуллах Хамадани. «Жамиғ ат-тауарих» (Тарихтар жинағы, XIV ғ.). Көп томдық. 3-том. -Астана: Фолиант, 2018. — 77-109-беттері). Демек, бул маалыматтка караганда, Жучу кыргыздардын, же токой эл-жутунун да ошол учурдагы ханы болгондугу шек туудурбайт.

Бул – улуу кагандын уулу менен сыймыктанып, ишенгенин, болочок мураскор иретинде үмүт артканын көрсөтөт. Жучу мындан кийин Дешти-Кыпчак талаасы менен Сартаулга (Хорезмге) жасаган жортуулдардын башында жүрдү. Ал бардык сапарларынан жалаң гана жеңиш менен кайтты. Перс тарыхчысы Жузжани (1226) өз эмгегинде “Чыңгыз хандын улуу уулу өтө тайманбас, кайсар, эр жүрөк жоокер болду. Анын күч-кубаты ошончолук, атасы да андан сезгенчү эле” дейт.

Дүйнөгө келүүсү көп аңгемеге негиз болгон Жучунун өмүрү да, өлүмү да табышмак. Өтөмүш ажы “Чыңгызнаме” чыгармасында “Чыңгыз хан бир тарабы Багдад, экинчиси Ындыстан, үчүнчүсү Дешти-Кыпчак менен Эдил дарыясы болгон аймактарды басып алгандан кийин, ушул аймактарды өзүнүн уулдарына бөлүп берди… Жучу хан уулдарынын улуусу эле. Чыңгыз хан ага чоң аскер берди да, Дешти-Кыпчак аймагына дайындап жиберди: “Аттарыңа жайыт болсун” деп Хорезм аймагын дагы берди. Жучу хан Дешти-Кыпчакка бет алып, айтылуу Улытауга жетти. Бир күнү тоодо аң уулап жүргөндө бир үйүр марал-кийик кездешет. Аңды кубалап жүрүп, атарда ал атынан жыгылды да, ошодон моюну үзүлүп, мүрт кетти” деп жазат. А Улукбек “…Ордого Жучу хандын өлүмү тууралуу кабар келгенде, кабарды улук Сахиб-и Кыран Чыңгыз ханга жеткизүүгө эч кимдин дити барбады. Акыры амирлер бир чечимге келди: ханга жакын улук амирлердин бири Улуу ырчыдан бул кабарды мүмкүн болушунча жеткизүүсүн сурануу. Ошондон соң улук Чыңгыз хан ыр айтууга буюрганда, Улуу ырчы ыңгайлуу убакыт таап жеткизгенин” жазат. Ары карай окуя мындайча өөрчүдү:

Деңиз баштан булганды, ким тундурар, а, ханым?

Терек түптөн жыгылды, ким тургузар, а, ханым? — деп сурайт ырчы.

Чыңгыз хан буга:

Деңиз баштан булганса, тундурар уулум Жучудур,

Терек түптөн жыгылса, тургузар уулум Жучудур! – жооп берет.

Бирок ырчы өзүнүн ырын кайталай берип, көзүнөн жаш агып турду. Муну көргөн Чыңгыз хан шектенип:

Ырың көңүл үркүтөр,

Жучу уулум өлдүбү? – деп сурайт.

Ошондо ырчы Чыңгыз ханга карап:

Сүйлөмөккө эрким жок, сен сүйлөдүң, а, ханым!

Өз эркиң менен өзүңө жооп бердиң, а , ханым! – деген экен кайгыпрып.

Ошол кезде Чыңгыз хан да:

Кулуну өлгөн куландай, кулунуман айрылдым,

Айрылашкан ак куудай, эр уулуман айрылдым! – деп жоктогон экен.

Бул булак казак аңыздары менен да шайкеш келет. Атактуу Жүсип Көпей уулу: “Алаша хандын Жучу хан деген жалгыз баласы болуптур. Кулан кууйм деп, бала астындагы аты жээлигип, куландын аңгисин ээрчип, казасы ошондон болуп, бала аттан жыгылып, кулан тээп өлтүрүптүр.

Алаша хан, Жучу хан,

Аксак кулан ???

Кулап тээп өлтүрдү,

Буйругун актан келтирди, — деген сөз ошондон калган”, — деген булакты айтат.

Элдик күү “Аксак кулан” да ушул аңыз менен үндөш болуп чыккан. Мында улуу ырчы Кетбука, Кербуга күүчү деп аталат. Бир гана мурунку булакта Чыңгыз хан өзүн “кулуну өлгөн куланга” теңеп отурса, элдик фольклордо Жучунун ажалы куландан болгон. Бул аңызга ишенсек, Аркадагы Алаша хан – Жучу хандын атасы болуп чыгат.

Жучунун өлүмү тууралуу Рашид ад-диндин да маалыматы кызык. Ал Отрарды алгандан кийин атасынын буйругун укпай, өз менчигиндеги элге кетип калган Жучуга Чыңгыз хандын ачууланып, “өлүмгө кесем, ага мээрим болбос!” дегенин жазат. Ушул булакка таянсак, Жучу көп узабай сыркоолоп калган, ошентип атасынан кечирим сурап, анын чакырууларына бара алган эмес. Акыркы жолу чакыруу жиберип келбегенде алдына чыккан бир мангут Жучунун тоодо аң уулап жүргөнүн айтат. Буга ачууланып, “ал бүлүк чыгарып, атасынын сөзүнө маани бербей калган экен” деп ойлогон Чыңгыз хан Жучуну жазалоо үчүн Чагатай менен Угедей баштаган аскерге жортуулга чыгууга буйрук берет.

Өзү да жортуулга аттанмак болуп турганда Жучунун оорудан кайтыш болгонун угуп, катуу капа болот. Кийин алиги жалган айткан мангытты издеткени менен, аны таба албайт. Чыңгыз хан менен анын аймагы жөнүндөгү эң ишеничтүү жылнаамалар жыйнагы ушундай дейт. Буга карап Чагатай менен Угедейдин тукуругу менен Чыңгыз хан менен Жучунун арасы сууп кеткенин аңдоого болот. Алиги мангутты Жучунун эки иниси атайын жибериши өтө мүмкүн. Ошондуктан, Чыңгыз хан Жучуну “тагымды талашат” деген күдүк менен изчилери аркылуу өзү өлтүрдү деген да божомол бар.

Көк куполдуу мавзолей

Жучу каза болгондон кийин Улуу талаада, Улуу-Тоо өңүрүндө келишимдүү мавзолейи тургузулду. Мавзолейдин маңдайында Жучу ордосу деген жер бар. Каракеңгир суусунун жээгинде жайгашкан Жучу хандын мавзолейи портал-күмбөз түрүндө курулган. Куполу көк түстөөгү глазур менен жабылган, бышкан кыштар менен тургузулган. Ж.Смаиловтун жетекчилиги менен Жучу хан күмбөзүндө жүргүзүлгөн казуу иштеринин жүрүшүндө чийки кирпичтер менен салынган конуштардын орду аныкталган.

Улуу-Тоо өңүрүндөгү бул мавзолейлер тууралуу алгачкы маалымат XVI кылымдагы Хафиз Таныштын «Шараф-наме-и шахий» аттуу эмгегинде кездешет. Аталган тарыхый чыгармада 1552-жылдын жазында Бухара эмири Абдалланын Улуу-Тоого жасаган жүрүшүндө ушул Жучу хан мавзолейинин маңдайындагы сарайга токтогону жазылган.

Жучу хан мавзолейи тууралуу академик Каныш Сатбаев «Доисторические памятники в Джезказганском районе» аттуу илимий макаласында: «Баскагыл тоосунун оң жагында, Кеңгир суусунун жээгинде бышкан кыштан тургузулган, куполдуу, төрт бурчтуу эски үч мавзолей сакталып калган. Мавзолейдеги кыштын формасы менен көлөмү «алтынор­до стилине» жакын. Эл арасындагы аңыздарга таянсак, бул мавзолейлер Алаша хан, Жучу хан жана атактуу композитор Домбаулга таандык экен» деп жазат.

Андан кийин 1946-жылы академик Алкей Маргулан Жучу хан мавзолейинде биринчи болуп археологиялык казуу жумуштарын жүргүзөт. Мавзолейдин ичи казылганда эки кабырдын бар экендиги аныкталган. Биринчи кабырдан  темир мыктар менен бекитилген жыгач табыттын калдыктары табылган. Андан ары казылганда кабырдын түбүнөн адамдын үстүңкү жагы жок баш сөөгү чыккан. Эң кызыктуусу, сөөктү жыйнаганда бир колдун жетишпей калгандыгы аныкталган. Кабырга орто жаштардагы эркек адам көмүлгөн. Кабырдан жапайы жаныбарлардын сөөктөрү, төөнүн баш сөөгү, булгаарынын үзүндүсү, бөз жана туу табылган. Аты аталган аалым кабырга жапайы жаныбарлардын сөөктөрүнүн коюлушуна көңүл кобп, бул факты «Жучуну аң уулап жүргөндө жапайы куландар тээп өлтүргөн деген иарыхый маалыматтарды кубаттайт», – деген. А. Маргулан кабырдан табылган археологиялык артефактыларды, аңыз-уламыштарды жана жазма даректердеги маалыматтарды салыштырып келип, бул мавзолейдеги кабырлар Жучу хан менен анын аялдарынын бирине тиешелүү деген чечимге келет. Айрым аңыздарда Жучу хан кабырга бир колу жок коюлган деп айтылса, башка аңыздарда Жучунун тек бир колу, башкача айтканда, «Жучу хандын чыпалагы» коюлган делет. А.Маргулан мавзолейди 1228-жылы, маркумудун ашына чейин тургузулган деп эсептейт.

Археолог Ж.Смаилов мавзолейдин тургузулуш жылы тууралуу: «Өзбек хан тушунда Алтын Ордодо ислам дини гүлдөп, мамлекеттин расмий динине айланган. Ошол мезгилде Жучу уругу ата-бабаларына арнап мавзолей тургуза башташты. Ошолордун биринчиси Жучуга арналса керек. Кийин мында Жучунун урпактарынын бири көмүлгөн болушу мүмкүн» деген божомолду сунуштайт.

Окумуштуулардын арасында мавзолейдин тургузулган жылы боюнча ар түрдүү пикирлер болгону менен архитектуралык түзүлүшү Карахан доорунун архитектуралык эстеликтерине окшош экендигин байкайбыз. Күмбөздүн жогорку жагынын купол түрүндө орнотулушу чыгыш, ислам үлгүсүндө жасалганын көрсөтөт. Бул мавзолейде жүргүзүлгөн казуу иштеринде табылган тарыхый-маданий мааниси жогору табылгалардын бири – арап тамгалуу текст жазылган плита оюбузду тастыктайт. Бул фактылар мавзолей тургузулган мезгилде Алтын Ордодо ислам дининин кеңири таралганын көрсөтөт. Аалымдар археологиялык, архитектуралык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча аталган мавзолей Жучуга арналып тургузулган деген кесене Жучуга арнап тургузулган деген жыйынтыкка келишти. Биздин оюбузча, бул мавзолейди Жучунун уулу Берке хан салдырган болуш керек. Тарыхчы Жүзжани Берке хан тууралуу «Жучу хандын уулу Берке согуштук жүрүш маалында мусулман жеринде туулган экен. Берке төрөлөр алдында Жучу аялына мындай деген экен: «бул уулду мусулман эне баксын, киндигин мусулман кессин, Берке мусулмае энени эмип чоңойсун, ал мусулман болуп өссүн». Эгер бул айтылгандар чын болсо, Алда Жучуга тозок отун жеңилдетсин. Албетте, бул бата менен Берке чоңоюп, эр жеткенде мусулман болот. Ал заман 658 хижра жылы (1259 – 1260). Жучудан калган мусулман өкүмдар ушул» деп жазган экен. Бул маалымат бизди Жучу доорунде эл исламга кире баштады деген ойго түртөт. Жучунун бир баласынын атынын Мухаммед болушу да оюбузду тастыктайт. Демек ислам динин кабыл алган Берке өз атасын мусулмандарды салты менен көмүшү толук мүмкүн.

Аңыздын түбү – Алаша хан

Жучу хан мавзолейинен 30 чакырым алыстыкта Алаша хан мавзолейи орун алган. Бул мавзолей Жучунун атасы Чыңгыз ханга арналып туругузулган деген элдик легендалар менен катар илимий изилдөөлөргө негизделген карама-каршы пикирлер көп айтылат. Мавзолей порталдуу купол түрүндөгү архитектуранын үлгүсү. Анын күмбөзгө кирген каалгасы арка түрүндө жасалып, адеми ою менен кооздолгон. Кирпичти коюуу методу, чыгыш үлгүсүндөгү фасады, андагы ою-чиймелердин бардыгы Орто кылымдарга таандык салттуу архитектуралык өзгөчөлүктү керсөтөт. Мавзолейдин композициялык түзүлүшү, кооздолгон куполу, оймо-чиймелүү кирпичтери, чыгыш үлгүсүндөгү каалгасы Орто кылымдардагы Карахан доорунда кеңири каралган архитектуралык курулуштарды эске түшүрөт. Жучу хан менен Алаша хан мавзолейлеринин архитектуарлык түзүлүнтөрү бири-бирине окшош.

Алаша хан мавзолейин биринчи болуп изилдеген окумуштуу, академик К.Сатбаев эл оозундагы аңегемелерге таянып: «Алаша хан дегенибиз – бул XVI кылымда бийлик жүргүзгөн Хакназар хан» десе, А.Х. Маргулан бул мавзолейдин композициялык түзүлүшүн Мервтеги Санжар султан менен Кермандагы Мир-Саид Бахромдун (X – XII кк.) мавзолейлерине окшош экендигин белгилеп, Алаша хан мавзолейи монгол дооруна чейин тургузулган деп эсептейт. 1946-жылдары Г.Г. Герасимов мавзолейдин архи­тектуралык өзгөчөлүктөрүн Орто кылымдарга таандык башка күмбөздөр менен салыштырып, аталган мавзолейди усталар XIII кылымдын экинчи жарымында тургузган деп жыйынтык чыгарат.

Мавзолейдин убакыт менен жаан-чаачындан тозгон кирпичтери, эскирген куполу, чыгыш үлгүсүндө салынган фасады, сегиз кырдуу дубалы, жалпы архитектуралык стили байыркы доорго сүйрөйт. Мавзолейдин архитектуралык түзүлүшүнүн археологиялык өзгөчөлүктөрү менен эл жадындагы аңыз-аңгемелер менен салыштыра келгенде Алаша хан мавзолейинин Жучу мавзолейи менен бир доордо салынганы байкалат. Алаша хан мавзолейинин алдынан табылган кирпичте үч буттуу төрө тамгасы кездешет. Н.Базыл­хандын пикири боюнча бул тамга Берке хандын тамгасы менен окшош.  Берке хан (1209 – 1266) доорунда Алтын Ордодо ислам дини кеңири тарлаганы белгилүү. Жучу менен Алаша хан мавзолейлеринде табылган арап жазуулу плита жана төрө тамгасынын Берке тамгасы менен окшош болушу аталган мавзолей Берке бийликте турган жылдарда тургузулган деген жыйынтыкка келүүгө шарт түзөт.

Амир Темир Кожо Ахмет Йесеви мавзолейин тургузуудан мурун анын устаты Арстанбабка мавзолей салдырганы тарыхта белгилүү. Ошол сыяктуу, биздин оюбузча, алты Алаштын атасы, мамлекеттин урааны эсептелген Алаша хан мавзолейи Жучунун легендарлуу Ашина, байыркы даректердеги Абулжа-Алынша хандан баштап, Алаша-Чыңгыз ханга чейинки бүткүл бабаларына арналып, символикалык максатта салынган болушу мүмкүн.

Жучу хан менен Алаша хан – орток тарыхыбыздын башында турган баатырлар. Улуттун борбору Улуу-Тоо аймагындагы улуу хандын ыйык мавзолейи – бул элдин улут атасына көргөзгөн, кылымдардын элегинен өткөн сый-урматынын өчпөс далили. Ошондуктан Жучу менен Алтын Ордого тиешелүү урматты көргөзүү – парзыбыз.

Дархан Кыдырали,

Эл аралык Түрк академиясынын президенти, профессор.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү