Эмне үчүн Кытай көп тилдүүлүккө басым жасайт?

Автор -

Америкалык саясаттаануучулары кѳптѳн бери мынтип айтып келишет: келечекте дγйнѳлγк атаандаштыкты ѳз элинде кѳп тилдγγлγктγ колдогон мамлекеттер жеңип чыгат. Мына ошондой ѳлкѳлѳрдγн бири – Кытай. Кыргызстанда, ѳзгѳчѳ Жогорку Кеңешке шайлоо алдында айрым саясат таануучулар тил саясаты жѳнγндѳ жоопкерчиликсиз пикири менен элди дγрбѳтγп жатса, Кытайда мындай билдирγγлѳр γчγн жоопкерчиликке тартышы ыктымал. Ошондуктан бул ѳлкѳдѳ андай саясат таануучулар жокко эсе.

Кытайлыктар мындай дешет: «Тил ар бир элдин маданиятын гана алып жγрбѳйт. Ал адамдын тγшγнγγнγн ачкычы. Тил билгендер цивилизациялар арасында баалуулуктар менен алмашууга мγмкγнчγлγк тγзѳт». Мисал катары, учурда кѳп сѳз кылган Синьцзян-Уйгур автономдук районун алалы. Бул аймак бизге, ал жерде Кытайда жашаган 56 элдин 45ши жашаганы менен кызыктуу.

Θткѳн чак менен келечек

Кытай улуттук азчылыкты, жана алардын тилин кѳптѳн бери колдоого алып келет. Ханьцы жана башка элдерин башын бириктирген кѳп улуттуу мамлекет куруу ою Тан династиясы башкарып турганда эле (618-908-жылдар) пайда болуп, кытайдын саясий системасына биринчи жолу киргизилген.

Бул тарыхый тажрыйба Кытай эл республикасы тγптѳлгѳндѳн кийин улуттук саясатка айланган. Республика жаралган кγндѳн тартып, Кытай компартиясы аз сандуу улуттар γчγн партиялык багыттын беш принцибин иштеп чыккан:

  1. Баардык улуттардын теңдиги;
  2. Аз сандуу улуттар жашаган автономдук райондорун тγзγγ;
  3. Улуттук райондордун экономика менен маданиятын ѳнγктγрγγ;
  4. билим берγγ деңгээлин жогорулатып, улуттук кадрларды даярдоо;
  5. Аз сандуу улуттардын салт-санаасын, γрп-адатын жана динин урматтап, алардын тилин сактап калуу.

Андан бери эч нерсе ѳзгѳргѳн жок.

Кытай Конституциясынын баш сѳзγндѳ мынтип жазылган: «Кытай эл республикасы – бирдиктγγ кѳп улуттуу мамлекет, ал ѳлкѳнγн ар тγрдγγ улуттар элинин жалпы кγчγ менен тγптѳлгѳн. Ал мында ары да социалисттик улуттук теңдик, ынтымак жана ѳз ара жардамдашууну бекемдеп турмакчы. Улуттук биримдикти сактоо γчγн кγрѳштѳ улуу улуттун улутчулдугу, улуу хань шовинизми, жергиликтγγ улутчулдукка каршы туруу керек. θлкѳнγн баардык улуттары ѳркγндѳшγ γчγн мамлекет бγт мумкγнчγлγгγн жумшамакчы».

Кытай Конституциясынын 4-беренесинде мынтип жазылган: «Кытай Эл Республикасындагы баардык улуттар тең укуктуу. Баардык аз сануу улуттарга мамлекет мыйзамдуу укук берип, алардын кызыкчылыгын коргойт, алардын тең укуктуулугун сактап, ѳнγктγрѳт, баардык улуттарга жардам берип, ынтымагын коргойт. Ар бир улут ѳкγлдѳрγн кордоп, басмырлоого тыюу салынат, улуттарды бѳлγп, ынтымагын бузууга багытталган аракеттерге тыюу салынат. Ар бир улут ѳз тилин жана жазуусун ѳнγктγрγγ эркиндиги, ѳз каада-салтын сактап, ѳзгѳртγγ эркиндигинен пайдалана алат».

Кытайда кыргыз, уйгур жана казак элдеринин тилин да ушинтип коргойт. Чынын айтсак, Кытай Эл республикасындагы кытай тили ѳлкѳнγн баардык улуттарынын тилин алмаштырган тил деп эсептелбейт. Ал жалпы кытай масштабында улуттар аралык тилдин милдетин аткарат.

Кытайдын сыртында жашагандар эки жагдайды билбейт.

Биринчиден Кытайдын Конституциясында мамлекеттик тилди тикеден-тике бекитγγчγ берене жок. Башкача айтканда, кытайда бир да тил юридикалык жактан алганда мамлекеттик деп эсептелинбейт. Бул эмнеге байланыштуу? Бийликтин Кытайдагы баардык тилдерге тең укуктуулук берγγ каалоосу.

Экинчиден, Кытай Конституциясында да, башка мыйзамдарда да «мамлекеттик тил» термини, «расмий тил» формулировкасы жок. Алардын ордуна Кытай Конституциясында тилге «жалпы пайдалануудагы» деген аныктамасы берилет. Калкты кытай тилине γйрѳтγγ ѳз ыктыярдуу тγрдѳ гана жγргγзγлγγсγн Кытайда баса белгилешет.

Синьцзяндын башкаруу кадрлары жѳнγндѳ мыйзамда мындай делет: «Кытайдын кадр кызматкерлери уаз сандуу улуттардын тилин жана жазмасын γйрѳнγшγ керек, ал эми аз сандуу улуттардын кадр кызматкерлери улуттук тили жана жазмасын пайдалануудан тышкары, ѳлкѳдѳ жалпы пайдалануудагы путунхуа тилин жана кытай жазмасын γйрѳнγшγ керек». Себеби, эл сени, сен элди тγшγнбѳсѳң, аны башкаруу мγмкγн эмес. Аткаминерлер буга кызыкдар болуусу γчγн, ошол эле беренеде мынтип жазылган: «θзγ иштеген жерде экиден ашуун жалпы пайдалануудагы тилинде сγйлѳгѳн мамдекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын кызматкерлери сыйлык алышы керек».

Жалпы байгерлик γчγн

Мындай саясаттан улам хандыктарды эсепке албаганда, Кытайда жашаган 55 улуттун баары ѳз тилин сактап, аны ѳркγндѳтγγдѳ. Мектептеги эки тилдγγлγк кайсы бир улуттун тилин γйрѳтγп, же ошол тилге которулган окуу китептери менен жγргγзγлѳт. Кытайда орто жана баштапкы мектептердин ар тγрγγ дисциплиналары γчγн жылына жалпы жолунан 3,5 миңден ашуун китеп басылып чыгат. Бул окуу куралдарынын жалпы тиражы 100 млн нускадан ашып тγшѳт.

Кытай тилинен башка тилдерде басылып чыккан гезит, журналдарды эске албай эле коелу. Мындан тышкары, аз сандуу улуттардын тили теле, радио жана маданият жаатында кенири пайдаланылат. Мисалы, айрым райондорду эфирдик радиоберγγлѳр аркылуу кытайдын казак автономиясында Kazakh Radio, СУАРда Uygur Radio сыяктуу радиолор иштеп турат. Басма сѳзгѳ кайрылсак, кытайдын аз сандуу улуттарынын ЖМК болуп, маньчжур ак сѳѳгγ Ин Ляньчжи 1902-жылы Тяньцзиде басып чыккан «Дагун Бао» гезити болуп эсептелинет. Гезит улуттук – маньчжур эмес, жалпы кытай кѳз карандысыздыгы γчγн кγрѳшγγгѳ чакырып келген.

2014-жылга карата тил саясаты боюнча аналитикалык баяндамаларын алсак, 2013-жылдын соңунда кытайдын сайт аймагында жалпы жолунан 12 аз сандуу улуттардын жазуунун 13 тγрγн (кытай иероглифтерин кошкондо) пайдаланган 1 миң 31 сайт катталган. Пайыздык катнашта алсак, уйгур тилиндеги сайттар анда 64,3% тγзγп, тибет тилинде – 10,1%, моңгол тилинде 9,9% тγзгѳн. Сайттардын кѳбγ (83%) бир тилдγγ, 7% кытай тилинде жана тийешелγγ аз сандуу улуттардын тилинде, жана сайттардын 4% англис тилиндеги версиясы менен иштейт. Мазмуну боюнча сайттардын 34% аз сандуу улуттардын тилинде кабарларды жарыялап, 17% – кѳңγл ачуу, жана 14% тигил же бул улуттун маданияттына арналган. Акыркы 5 жылдын ичинде мындай сайттарды саны ѳсγγдѳ.

Окумуштуулардын пикиринде, Кытайдагы улуттар тили маселеси алигиче жабыла элек. Кытайда дагы эле жаңы тилдерди иликтеп табышууда. Маселен, 2009-жылы кайсы бир кытай провинциясында 24 жаны тил табышкан, буга чейин ал жерде баары бир тилде сγйлѳйт деп ойлоп келишкен.

Кытай Компартиясынын жалпы кытай курултайы, Эл ѳкγлдѳрγнγн Жогорку кенешинин сессиялары (парламент) жана Кытайдын элдик саясий консультативдик кеңешисыяктуу маанилγγ иш-чараларыдна документтер монгол, тибет, уйгур, казак, корей, ий жана чжуан тилинде же алардын сѳзмѳ-сѳз котормолору берилет.

Кытай алдына койгон амбициялуу маселелерди чечγγ γчγн бир улуттун ѳкγлдѳрγ калган улуттарды ѳнγктγрбѳй туруп максатына жете албашын 20 жыл мурун эле тγшγнгѳн. Мунун логикасы жѳнѳкѳй: мен жакшы жашап, ал эми коңшуларым начар жашаса, жакында мен да алардай болуп, жаман жашап калам. Ошондуктан Синьцзяндагы аз сандуу улуттардын тилдери соттордо, СУАРдын бийлик органдарында, ошондой эле аймактын саясий жана коомдук жашоосунда кенири пайдаланылат. Синьцзяндагы ѳзγн ѳзγ башкаруу органдары ѳз милдетин аткарууда аймакта жашаган баардык этникалык топтордун тилин колдонот.

Натыйжада Синьцзяндагы бир да кыргыз, бир да уйгур же казак ѳзγн кемсингендей сезбейт. Ошондой болсо, анын укугун коргогон ѳлкѳ андан ары да ѳнγгγп, ѳсγγсγнѳ ал адам кызыкдар. Кыргызстан да Кытайдын улуттук саясатынын бир топ беренелеринен пайдаланса жакшы болот эле деген ой пайда болот.

Замир Муратбек уулу

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү