23-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 20…25;
Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27;
Бишкек шаарында күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 23…25° болот.