24-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 25…27° болот.