«Эмми»- 2019: Мыкты сериалдардардын ээлери белгилүү болду

Автор -
LOS ANGELES, CALIFORNIA - SEPTEMBER 22: (L-R) Michael Douglas presents the Outstanding Drama Series award for 'Game of Thrones' to Kit Harington, Emilia Clarke, and Sophie Turner onstage during the 71st Emmy Awards at Microsoft Theater on September 22, 2019 in Los Angeles, California. (Photo by Kevin Winter/Getty Images)

АКШда “Телекөрсөтүүнүн оскарлары» деп мүнөздөлгөн Эмми сыйлыгынын ээлери  белгилүү болду.

Лос Анжелестеги Microsoft театрында өткөрүлгөн 71 —  Эмми сыйлык тапшыруу аземинде «Мыкты драмалык сериалдары»  сыйлыгына 32 тармакта талапкер көрсөтүлгөн  «Game of Thrones» ылайык көрүлдү. Сериялда ойногон Питер Динклаге «Мыкты жардамчы эркек актер» сыйлыгын алды.

«Мыкты комедия сериялы» сыйлыгын «Fleabag» алып, «Чернобыль» болсо  «Мыкты  мини сериял» сыйлыгын алган башка чыгарма болду.

2019  Эмми сыйлыгын алган чыгармалардан кээ бирлери төмөнкүчө болду:

Мыкты драма: «Game of Thrones»

Мыкты комедия : «Fleabag»

Мыкты эркек актер, драма : Билли Портер, «Pose»

Мыкты аял актриса, драма : Джоди Комер, «Killing Eve»

Мыкты эркек актер, комедия: Билл Хейдер, «Barry»

Мыкты аял актриса, комедия: Фиби Уоллер-Бридж, «Fleabag»

Мыкты жардамчы эркек актер, драма : Питер Динклаге, «Game of Thrones»

Мыкты жардамчы актриса, драма : Юлия Гарнер «Ozark»

Мыкты сериял : «Чернобыль»

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү