Андрей Малахов кыргызстандык айдоочуну киши өлтүрүүдө айыптады (Видео)

Автор -
436

24-сентябрь күнү Орусиянын «Россия 1» телеканалында белгилүү телеалпаруучу, шоумен Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсү миллиардер Александр Маруговдун уулу Владимирдин жол кырсыгынан каза болгонуна арналды. Бул жол кырсыгына кыргызстандык Исламбек Акбаров аттуу таксист күнөөлөнүүдө.  Эске салсак, 2019-жылы 8-июлда Владимир Маругов Москва шаарынын көчөсүндө мотоцикл айдап баратып Исламбек Акбаров башкарып бараткан такси унаасын сүзүп, окуя болгон жерден көз жумган.

Көрсөтүүнүн алпаруучусу Андрей Малахов талкуу учурунда бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн экендигин айтты. Анын божомолун студиянын айрым коноктору кубаттап, колдоп кетишти. Ал эми маркумдун апасы Татьяна Маругова муну колдобой, уулунун өлүмү кокустук экенин айтса да көрсөтүүнүн коноктору аны ишендирүүгө аракет кылышты.

Көрсөтүүнүн аягында Малахов көрсөтүүнүн конокторун кыргызстандык таксист тарапка ачык эле көкүтүп баштады.

«Рулда 20 жаштагы “балапан” болгон. Ал башка өлкөдөн келип алып, эки ай таксиде иштеген. Ага 100 миң доллар берсең, ал акча анын бүт үй-бүлөсүн, бүт айылды, тууган уругун бактылуу кылат. 10 долларлык айлык алган алар өмүрүнүн аягына чейин мынча акча таба алышпайт”
дейт Малахов.

Бөлүшүү