Орусияда полициядан качып, экинчи кабаттын терезесинен секирип кеткен эки өзбекстандык оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Окуянын эртеси өздөрүн полиция кызматкери катары тааныштырган эки киши ооруканага келип, алардан «Бизди эч ким коркуткан эмес» деп арыз жаздырып кеткен.
Окуя 20-сентябрь күнү кечинде болгон. Жабырлануучулардын бири Ильхом Холматовдун айтымында, кыргызстандык мигрант үйүнө төрт өзбекстандыкты конокко чакырган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин батирге үч полиция кызматкери кирип келип, аларды сабай баштаган:
– Биз кечки тамакты ичип жатканбыз, күтүүсүздөн эле жарандык кийимчен кишилер кирип келип, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери экенин айтып, сабай башташты. Алардын бири мага пистолетин көрсөттү. Андан аркысы эсимде жок, жерде бутум сынып жатканымды гана билем.
Кыргызстандык жаран полиция кызматкерлери анын үйүнө уруксатсыз кирип, акча талап кылганын билдирди:
— Мен кыргызстандык экенимди айтканда, ал мени мурунга бир койду. Кайра сабай баштаганда: «Мен сага эмне кылдым» деп сурадым. Ал мага: «10 000 рубль бересиңби!» деди. Ал мени токмоктоп жатты. Мен ага картада 8000 рубль бар экенин, эртең чыгарып береримди айттым. Дилшод аттуу коногум экинчи кабаттан секирип кетти. Эми ал жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Жабырлануучулар полиция аларды эки сааттай сабаганын билдиришүүдө.
Экинчи кабаттан секирип кеткен эки өзбекстандыкты эс учун жоготкон абалда тажик мигранттары көрүп калып, тез жардам чакырышкан.
Ильхом Холматов менен бирге жандандыруу бөлүмүндө жаткан Дилшод Темировдун жамбашы, омурткасы, колу сынганы белгилүү болду.
Расмий маалыматтарга караганда, өзбек мигранттарынын операция акысы Өзбекстан Эмгек министрлигинин Тышкы миграция агенттигинин Москвадагы кеңсеси тарабынан төлөнөт.
Өзбек мигранттарынын укугун коргогон Валентина Чупик Москва облустук тергөө комитетине, облустук полиция башкармалыгына жана Москва облустук прокуратурасына арыз жазып, полиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоону талап кылды.
Москва полициясы тарабынан куугунтукталган өзбекстандыктар – адискөй реставраторлор, алар Москва политехникалык музейинин чакыруусу менен ишке алынган.