Алжир: Төрөт үйүнөн өрт чыгып, 8 ымыркай чарчап калды (видео)

Автор -

Алжирдин Уэд-Суф деп аталган аймагында жайгашкан төрөт үйү өрттөнүп, 8 ымыркай чарчап калды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Малыматка ылайык, каргашалуу окуя 24-сентябрдын таңында болгон. Куткаруу кызматы 11 ымыркайды, 37 аялды жана төрөт үйүнүн 28 кызматкерин аман алып калууга үлгүргөн.

Аталган төрөт үйүнүн жетекчисинин маалыматына ылайык, ымыркайлардын айрымдары күйүктөн, кээ бирлери иске ууланып чарчап калышкан.

Ал эми жергиликтүү ЖМКлар наристелердин денелери күйүп кеткендиктен, алардын өздүгүн аныктоо кыйын болуп жатканын жазып жатышат.

Өрттүн эмне себептен келип чыккандыгы азырынча такталып жатат. Учурда иликтөө иштери башталды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү