Кара-Суу районунда жарадар болгон ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу атышуу фактысы боюнча тосмо арыз жазды. Ал «Ош пирим» каналына берген интервьюсунда өзүн-өзү бутка атып алганын айткан.
Ал эми жабырлануучуну атты делип жаткан Оштогу Дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаевге карата доосу жок экенин билдирген.
[ads-quote-center cite=’ дейт. ‘]“Кылыч Саркарбаев менен жакын мамиледебиз. Кимдир бирөөлөр атайын жасап жатат окшойт”[/ads-quote-center]