Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Өмүров Нурлан Кубатович дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Каныбек Исаков бүгүн билим берүү министрлигинин жамаатына орун басарын тааныштырып, жумушуна ийгиликтерди каалады.
Нурлан Өмүровдун өмүр баяны:
1971-жылы 19-февралда туулган.
Кыргыз, орус, испан, англис тилдерин билет.
Билими:
1988-1993-жылдарыИшеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Информатика жана колдонмо математика факультетин аяктаган;
Аспирантураны 1993-1996-жылдары Улуттук илимдер академиясынын математика институтунда аяктаган;
2008-2012-жылдары Испаниянын Сантьяго-де-Компостела университетинде докторантураны бүтүргөн.
Эмгек ишмердиги:
1997-2008-жылдары Нарын мамлекеттик университети, Жаңы технологиялар факультетинин деканы
2011-2012-жылдары Президенттин алдындагы башкаруу академиясы Дистанттык институтунун директору
2013-2018-жылдарыКыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Дистанттык окутуу борборунун директору
2018-жыл, Март-Август. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун со-директору;
2018-жылдын сентябрь айынын ушул күнгө чейин Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун ректору.