Бишкекте «Татыктуу карылык үчүн» жүрүшү өтөт

Автор -
250

1-октябрында Бишкек шаарында улгайган жарандардын «Татыктуу карылык үчүн» жүрүшү жана «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу улгайган жарандардын колу менен жасалган буюмдардын кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара улгайган жарандарды дискриминациялоо жана эйджизм менен күрөшүүгө, узак өмүр сүрүүгө, татыктуу каарылыкка жана муундар аралык байланыш саясатын жайылтууга багытталган.

«Иш-чара 9:30да Темир жол вокзалына каршы М.В.Фрунзе эстелигинен башталган «Татыктуу карылык үчүн» жүрүшү менен башталат. (Эркиндик бул./Линейная көчөсүнүн кесилиши) Жүрүштүн тобун Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү, коомдук уюмдар менен биргеликте улгайган жарандарды жетектеп скандин басуу менен өтөт. Жүрүш Эркиндик бульварынан башталып, Жарманке өтө турган Курманжан Датка эстелигинин жанында аяктайт»
деп айтылат маалыматта.

“Жүрөктөн жүрөккө” жарманкеси Эркиндик бульвары/Чүй проспектисинде (Курманжан Датка эстелигинин жанында) саат 11:00дөн 14:00гө чейин болот. Жарманкеге Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын улгайган жарандары катышат. Алар жиптен, кийизден, жүндөн колго жасалган буюмдарын, улуттук сувинерлерин жана ошондой эле айыл-чарба продукцияларын көргөзүшөт.

Жарманкенин программасына: шахмат сүйүүчүлөрү үчүн турнир, утулушсуз лотерея, карылардын катышуусу менен флеш-моб бийи, биринчи медициналык жардам көргөзүү, кант диабетин алдын алуу боюнча мастер-класстар, таланттуу чыгармачыл топтун аткаруусунда майрамдык концерт жана башка кызыктар камтылган.

Мындан сырткары жарманкенин катышуучулары кандагы канттын өлчөмүн, кан басымын жана салмагын өлчөй алышат.

Бул акциянын негизги максаты – 60 өлкөдө өтө турган «Адамдын жашы иш-аракетти талап кылат» эл аралык акциясынын алкагында карыларды дискриминациялоо жана эйджизм менен күрөшүү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү