Орок айылындагы жаңжалда ок атылып, бир адам жабыркады

Автор -
209

Сокулук районунун Орок айылында жаңжал чыкты. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 29-сентябрда үйлөнүү тоюнун аягында болгон. Жергиликтүү тургундар уруша кетип, ал мушташка айланган. Жаңжалдын жүрүшүндө эркектердин бири куралдан ок чыгарган.

«Алдын ала маалымат боюнча ок атуудан бир киши жабыркады. Бул факт Ленин РИИБинде каттоого алынды»
деп билдирет агенттик.

Чүй облустук милициясы азырынча бул тууралуу маалымат тарата элек.

Бөлүшүү