2-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

2-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл, Талас, Нарын дубандарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3 градуска чейин үшүк жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21,

Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Бишкек шаарында түнкүсүн +7…+9 градус жылып, жамгыр жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +16…+18 градуска көтөрүлөт.

Бөлүшүү