Норвегия миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 45 казак жаранын жана алты кыргызстандыкты депортациялады. Бул тууралуу 30-сентябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.
Анын айтымында, Норвегияга иштегени барган 59 казак жараны бул өлкөгө туристтик виза менен киргени аныкталган.
[ads-quote-center cite=’деди басма сөз катчы.’]«Алардын 45и Казакстанга жөнөтүлдү, дагы 14ү шейшембиге караган түнү депортацияланат деп күтүлүүдө»[/ads-quote-center]Буга чейин новегиялык VG басылмасы Эйдсволл аймагында миграциялык мыйзамдарды бузган деген шек менен 67 киши кармалганын билдирген. Анда алардын арасында эки орусиялык бар экени кабарланган.