3-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 17…19° болот.