Депутат: Өкмөт Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү батир белек кылса, чоң стимул болот

Автор -
1254

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Бакиров Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна батир белек кылууну сунуштады

«Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батир белек кылып чон колдоо көрсөттү. Эми бул эстафетаны Өкмөт алып, машыктыруучусуна жок дегенде бир бөлмөлүү батир белек кылса, чоң стимул болот. Мунун арты менен алдыда боло турган Токиодо өтүүчү олимпиадада чемпион болот деген үмүткө салым кошосуздар»
деди депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү