Кыргызстанда мектеп окуучулары качан күзгү каникулга чыгары маалым болду

Автор -
687

Кыргызстанда мектеп окуучулары 4-ноябрда күзгү каникулга тарашат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулар 4-ноябрдан 11-ноябрга чейин эс алышат.

«Кышында окуучулар 12 күнгө- 30-декабрдан 10-январга чейин эс алышат. Жазында 21-марттан 30-мартка чейин окушпайт. Биринчи класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе кошумча бир жума эс алуу жарыяланат»
деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү