Дамир Мусакеев Чүйдөгү № 27 түзөтүүчү колониясына которулду

Автор -

УКМКнын 9-кызматынын мурунку жетекчиси, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Дамир Мусакеевди жазасын өтөө үчүн Чүй облусунун Молдовановка айылындагы № 27 түзөтүүчү колониясына которушту. Бул туурасында ЖАМКка шилтеме кылуу менен 24.kg жазып чыкты.

Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Свердлов райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыраткан.

Аскер прокуратурасы буга чейин мыйзамсыз баюу беренеси боюнча Дамир Мусакеевге кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2010-2017-жыл аралыгында ал жалпысынан 20 миллион сомго кыймылсыз мүлк сатып алган.

Дамир Мусакеев 2018-жылдын 4-апрелинде кызматтан алынган. Ага 31-март күнү КСДПнын курултайы өткөн «Орион» отелинин коопсуздугун Дамир Мусакеев өзү камсыз кылгандыгы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылган. Мындан тышкары ага мыйзамсыз батир берүү айыбы коюлган.