Кийинки шайлоого 1,2 миллиард сом коротулат

Автор -
251

Жогорку Кеңеш тарай турганы анык болуп калды. Партиялар съезд өткөрүп, тизмелерин тактай башташты.

Ал арада өкмөт башчысы 2020-жылы парламенттик шайлоого 1,2 миллиард сомдон ашуун каражат коротулаарын жар салып жиберди.Айрым эл өкүлдөрү болсо эл мыкты инсандарды шайлоого даяр эместигин билдиришип, бул жолку шайлоодо парламентке азыркылардан да жаман депутаттар келээрин коңгуроо кылып кагышууда.

Коомчулукта болсо шайлоо босогосу 9 пайызга көтөрүлүп калганына карата, эми мындан ары  жалаң капчыктуу байлар, соодагерлер депутат болуп келгенге шарт түзүлдү деген сындар арбын.

Булак: «Фабула»

Бөлүшүү