Парламенттик шайлоо февраль айында өтсө, аягы чыр-чатакка айланабы?

Автор -

Ушу тапта партиялар тыбырап, эртеңки аламанга даярдыктарын баштады. Парламенттик шайлоо февраль айында болушу мүмкүнбү? Бул боюнча так кесе чечимдер чыга элек, бирок тар чөйрөдө талкууланууда.

Өкмөт барган сайын элдин назарынан калып, кашаңдыгы, иштин көзүн билбегени менен иренжиткенин кантебиз? Элибиз да Абылгазиевдин арымына, ишмердигине ичи чыкпай турат. Баардык тармактар «шалга» айланып баратабы?

Мындай шартта бийликтин рейтингин сактап калуу үчүн Жогорку Кеңештеги 80 депутатты өз каалоосу менен мандаттарын тапшыртып (азыр колдорун толгосо да мандаттары үчүн өлбөгөн жерде калышат го), анан 45 күндүн ичинде шайлоо жарыяланабы?

Ошентип, ит жыгылыш оюндар менен февраль айына парламенттик шайлоонун дайындалышы бийлик үчүн пайдалуу болобу, же жарга такалабы? Айтыш кыйын. Кыргыз коомчулугунан баарын күтсө болот…

Баса, убагында Аскар Акаев да 2005-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо жарыялай коюп, аягы төңкөрүш менен аяктаганын эсибизден чыгарбашыбыз керек…

Негизи саясый күрөштөр күздө өтсө бийлик үчүн ыңгайлуу болорун унутпайлы.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү