Эртеӊ абанын температурасы төмөндөйт

Автор -

9-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй,  Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн  8…10°, күндүз 20…22° болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү