Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс кыргыз кызга үйлөнсө Кыргызстанда каларын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 7-октябрда “Немистердин элдик кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан Бишкекте уюштурулган жолугушууда келечектеги пландары менен бөлүштү.
Футболчу Кыргызстанда калуу ою бар экендигин да кошумчалаган.
[ads-quote-center cite=’деди Люкс.’]“Эгер бул жактан кыз таап калсам. үйлөнүп ушул жакта калышым деле мүмкүн”[/ads-quote-center]
Белгилей кетсек, Виталий Люкс Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан Азия кубогунун алкагында хет-трик жасап, 3:1 эсебинде Кыргызстандын командасын алдыга сүрөгөн. Мындай жыйынтык улуттук команданы плей-оффко чыгарган болчу.