Виталий Люкс кыргыз кызга үйлөнсө Кыргызстанда калат

Автор -

Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс кыргыз кызга үйлөнсө Кыргызстанда каларын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 7-октябрда “Немистердин элдик кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан Бишкекте уюштурулган жолугушууда келечектеги пландары менен бөлүштү.

Футболчу Кыргызстанда калуу ою бар экендигин да кошумчалаган.

“Эгер бул жактан кыз таап калсам. үйлөнүп ушул жакта калышым деле мүмкүн”
деди Люкс.

Белгилей кетсек, Виталий Люкс Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан Азия кубогунун алкагында хет-трик жасап, 3:1 эсебинде Кыргызстандын командасын алдыга сүрөгөн. Мындай жыйынтык улуттук команданы плей-оффко чыгарган болчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү