Матраимов: Жөө адамдар өтчү жол сызыктарына түндө жарык берип турган чырактарды орнотуу керек

Автор -

Унаа жолдордогу жөө адамдар өтчү жол сызыктарына түндө жарык берип турган чырактарды орнотуу керек. Мындай сунушун депутат Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин жыйынында айтты. Эл өкүлүнүн белгилешинче, жол сызыктары айдоочуларга көрүнүп турса адам сүзүп кетүү фактылары жок болмок.

[ads-quote-center cite=’деп сунуштады Матраимов.’]“Чет өлкөгө иш сапар менен барып калганда жөө адамдар өтчү жол сызыктарына түнкү жарыктар орнотулуп турганын көрүп жүрөбүз. Бизде да ошондой кылууга болобу? Жөн гана жолдун эки тарабына кичинекей мамы орнотуп, жарык берип турган чырактарды орнотуп коюунун эч кандай оорчулугу жок болуш керек. Себеби айрым учурда айдоочулар жол белгилерин байкабай же адамдын өтүп баратканын көрбөй калат. Ошонун негизинде кырсыкка кабылып жатат. Ушул сунушту колго алсаңыздар”[/ads-quote-center]