Дүйшөмбүгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

14-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 23…25° болот.