Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булагына таянып, жазды. Маалыматка ылайык, Субихи Пархатиге кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилди.«Буга чейин ишкерге издөө жарыяланган. Биринчи Май райондук соту ага карата сыртка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасын тандаган. Алдын ала маалыматка таянсак, Субихи Пархати кирешелерди мыйзамдаштырып алган деп шектелүүдө», -деп билдиришкен агенттикке. Эске салсак, 2017-жылы Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын Субихи Пархатиге 54 миллион сомго саткан. Мурунку президенттин 2017-жылкы декларациясында акчалар көрсөтүлгөн. Бирок, келишим түзүлүп жатканда сатып алуучунун акча төлөй алуу жөндөмдүүлүгү жана акчанын келген булагы текшерилген эмес.
КЫРГЫЗСТАНДА ЖАНА ДҮЙНӨДӨ КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ БОЮНЧА БОЖОМОЛДОР КАНДАЙ
29-ноя. 2021, дүйшөмбү
Улуттук банк чуусу: Фроловдун бийлик менен байланышы
01-окт. 2021, жума
Депутат Самат Ибраевдин баласы компанияларга 500 миллион сомдон ашык карыз
01-окт. 2021, жума
Эльдар Абакиров: Фроловду Кыргызстандын Улуттук банкына жолотпош керек
30-Sep 2021, бейшемби
Сания Токтогазиева Telegram каналына чабуул болгонун жазды
30-Sep 2021, бейшемби
Кыргызстан мусулмандарын ким радикал кылып жатат?
26-фев. 2021, жума
Таласта уулун куткарам деген апа өзү кошо көлмөгө чөгүп кетти
15-фев. 2021, дүйшөмбү
Экс-муфтий элге кайрылуу жасады (видео)
15-фев. 2021, дүйшөмбү