Ирландиялык жаран өзүн көмүүгө келгендерди күлдүрдү

Автор -
Ирландиялык Килкенни графтыгында аркы дүйнөгө узап кеткен маркум муңайган элди күлдүргөндүгүн The Daily Mail ресурсу жазды.
Ирландиянын куралдуу күчтөрүнүн ардагери Шей Брэдли 8-октябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Каза болор алдында ал аудио кайрылуу жаздырып, аны акыркы сапарга узатып жатканда элге угузууну керез кылып калтырган.
Бредли менен коштошуу 12-октябрда болгон. Зыйнат учурунда каккылаган үн угулуп, элге табыттан чыкканга аракет кылып жаткандай элес берет. Андан соң колонкадан муркумдун үнү угулуп баштаган.
«Эй-эй? Мен каякта жатам? Ай, мени бул жерден чыгарып койгулачы? Капкараңгы экен! Бул ким? Бул Шейби? Үкөктө жаткан турбаймынбы! Мен ал жакта эмес, алдыңарда турам! Ой, өлүп бара жатам, чыгарып койгулачы?» — деген үн чыгып жатканын угууга болот.
Бул көрүнүштөн кийин азага келгендер, албетте, күлгөнгө аргасыз болгон. Видео жазууну Ирландиянын куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери Facebook тармагындагы баракчасына жарыялаган.Дагы:

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү