Экс-мэрлердин соту башка күнгө жылдырылды

Автор -

Бишкектин экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун бүгүнкүгө белгиленген соту болгон жок.

Шаардык соттун маалыматына караганда, отурумга катыша турган эксперттер келген эмес, ал эми жактоочу Сергей Слесарев Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин процессине катышарын билдирди. Кийинки отурум 18-октябрга пландалды.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып келишет.