Сот Батукаевдин иши боюнча отурумдарды жабык өткөрүүнү чечти

Автор -

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сот  отурумдары мындан ары жабык өтөт. Мындай чечимди бүгүн, 16-октябрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, сот ишти кароону 15-ноябрга белгилеп, процесс баштан-аяк жабык өтөт деген чечим чыгарды. Мунун себеби — кылмыш ишиндеги купуя деп таанылган бир том. Кылмыш иши жалпысынан 27 томдон турат. «Купуя сыр» делген 27-томдо экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетовдун көрсөтмөсү бар.

Укук коргоочу Замир Жоошев бардык жактоочулар соттук угууларды ачык өткөрүүнү суранышканын билдирди. Бирок сот макул болгон эмес.

«Биз 27-томду ачыктоону суранганбыз. Эч негиз жок баш тартышты. Ошондой эле, биз далилдер тизмесинен Атамбаев менен Аида Салянованын, ошондой эле Атамбаев менен Шамиль Атахановдун беттешүүсү тууралуу протоколдорду алып коюуну сураганбыз. Беттештирүү — эки адамдын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар болгон учурда гана жүргүзүлөт. Алмазбек Атамбаев болсо, бир да жолу көрсөтмө берген эмес, анан кайдан карама-каршылык болсун. Бирок бул өтүнүчтөр да четке кагылды»,
деди жактоочу.

Ал ошондой эле, Жолдубаеванын жактоочусу дагы мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева менен Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы Жапар Эрматовдун беттешүүсү тууралуу протоколду далилдер тизмесинен алып коюу өтүнүчүн жолдогонун билдирди. Гематология борборунун мурунку директору Абдухалим Раимжановдун жактоочусу болсо, өзү коргоп жаткан адамдын илдетинин оор экенин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындоону жана анын сотко катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранган. Бул өтүнүчтөр да четке кагылды.

Бөлүшүү