18-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;
Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 15…17° болот.