Аравияда 36 адам каза болгон кырсыкта кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда

Автор -

Сауд Аравиядагы автокырсыктан кеминде 36 зыяратчы каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Айрым маалыматтарда 35 киши деп жазылууда.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы каза болгондордун жана кырсыктагандардын арасында кыргызстандыктардын бар же жок экенин териштирип жатат.

«Умра зыяратын Кыргызстанда жеке фирмалар уюштурат. Буга чейин жеке фирмалардын жардамы менен зыяратчылар тобу чыгып кеткен. Учурда Муфтият бул боюнча тактап жатат»,
дешти басма сөз кызматынан.

«Эр-Рияд» басылмасы белгилегендей, кырсык Мекке жана Медина унаа жолунда болгон. Сауд Королдугунда жашаган Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген зыяратчыларды кичи ажылыкка (умрага) алып бараткан автобус жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктан автобус күйүп кеткен.

Автобустун ичинде 40 адам болгон. Алардын төртөө ооруканага жеткирилген.

Бөлүшүү