Кыргызcтанга келип, дайынсыз жоголгон франциялык кыз табылды. Бул тууралуу Facebook колдонуучу Мурат Исмаилов билдирип, өз баракчасына сүрөтүн коюп, минтип жазган:
[ads-quote-center cite=’деп жазган Исмаилов.’]“Балыкчыдан Чон Кеминге чейин жеткирип койдук. Аман-эсен эле экен. ”Чоң Кеминди кыдырып алып, бүгүн Бишкекке барам” деди. Күйөөсү Бишкекте экен, аны менен телефондон сүйлөштү» [/ads-quote-center]Эскерте кетсек, кечээ 17-октябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө Франциянын Пьер аттуу жараны байланышка чыгып, Флорентина аттуу курбусу ушул жылдын 9-октябрынан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Ошол эле күнү Франциянын К.П. аттуу жараны милицияга кайрылып, анын жубайы Флорентина Кариерди табышууга жардам сураган.