Дайынсыз жоголгон франциялык кыз табылды

Автор -
445

Кыргызcтанга келип, дайынсыз жоголгон франциялык кыз табылды. Бул тууралуу Facebook колдонуучу Мурат Исмаилов билдирип, өз баракчасына сүрөтүн коюп, минтип жазган:

“Балыкчыдан Чон Кеминге чейин жеткирип койдук. Аман-эсен эле экен. ”Чоң Кеминди кыдырып алып, бүгүн Бишкекке барам” деди. Күйөөсү Бишкекте экен, аны менен телефондон сүйлөштү»
деп жазган Исмаилов.

Эскерте кетсек, кечээ 17-октябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө Франциянын  Пьер аттуу жараны байланышка чыгып, Флорентина аттуу курбусу ушул жылдын 9-октябрынан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Ошол эле күнү Франциянын  К.П. аттуу жараны милицияга кайрылып, анын жубайы Флорентина Кариерди табышууга жардам сураган.

Бөлүшүү