Эс алуу күнү кандай аба ырайы күтүлөт? – синоптиктердин жообу

Автор -

19-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;

Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 16…21;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Нарын облусунда  түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;

Бишкек шаарында 19-октябрда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы борбордо түнкүсүн 3…5°, күндүз 18…20° болот.

 19-20-октябрь күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

21-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-октябрда эртең менен жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

22-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 22-октябрда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт .

23-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү